Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:32

Темир Сариев: "Азаттыкка" сындан корккондор асылып жатат


"Азаттык" мекемесинин Бишкектеги кеңсесинин алдына алдындагы митинг. 13-октябрь, 2022-жыл.
"Азаттык" мекемесинин Бишкектеги кеңсесинин алдына алдындагы митинг. 13-октябрь, 2022-жыл.

"Ак шумкар" саясий партиясынын лидери, мурдагы премьер-министр Темир Сариев "Азаттык" радиосунун, Клооп, "Кактус Медиа" жана башка айрым маалымат каражаттарын жабууну талап кылган демилге боюнча пикирин билдирди.

Сариев эркин медиаларды жабуу - сындан корккондордун гана максаты экенин билдирди.

"Сын-пикирден эч качан коркпош керек жана сынды эч качан тыйбаш керек. Бийликке келген адам өзү "ачуусун көтөрөм, жаманын көтөрөм, жакшысын тең бөлүшөм" деп айтат. "Азаттык" такталган маалыматты гана чыгарат жана эки тарапты тең камтыйт. Бүгүнкү "чалгынчылык кылып жатат, туура эмес берип жатат" деген сөздөр бул - "Азаттыктын" сыны жакпагандардын шылтоосу".

Темир Сариев "Азаттык" радиосу эл аралык журналистиканын тең салмактуулук жана бейтараптык стандарттарын сактап, эки тарапка тең бирдей микрофон сунуп келерин белгилеген.

Бүгүн, 13-октябрда "Азаттык Медиа" мекемесинин Бишкектеги кеңсесинин алдына адамдар чогулуп, "Азаттык", Клооп, "Кактус Медиа" маалымат каражаттарынын жабылышын, бейөкмөт уюмдардын ишинин токтотулушун талап кылышты.

12-октябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттеги дагы бир депутат Надира Нарматова "Азаттык", Клооп жана "Кактус Медианы" Кыргызстанда жабуу боюнча кол чогултуп жатканын билдирген. Кийинчерээк Нарматова муну жокко чыгарган.

Нарматова буга чейин Ош шаарында "Азаттыктын" кеңсесин ачууга каршы экенин Жогорку Кеңеште да айтып чыккан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG