Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:56

Сот "Ансар Групп" кооперативинин Ош шаардык жетекчисин үй камагына чыгарды


"Ансар Групп" кооперативине нааразы болгондордун маалымат жыйыны. 16-август, 2022-жыл.
"Ансар Групп" кооперативине нааразы болгондордун маалымат жыйыны. 16-август, 2022-жыл.

Ош шаардык соту 11-октябрда "Ансар Групп" кооперативинин "Алдамчылык" боюнча шек саналып, кармалган республикалык жетекчиси Ш. Э. жана Ош шаары боюнча жетекчиси С. Анын бөгөт чарасын карады.

Сот чечими менен кооперативдин республикалык жетекчиси делген Ш. Э. бир айга камалды. Ош шаардык жетекчиси үй камагына чыгарылды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) 9-октябрда "Ансар Групп" кооперативинин эки жетекчиси Ошто адамдарга үй алып берүүнү убада кылып, бирок аны аткарбай жүргөн деген шек менен кармалганын маалымдаган. ШИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, аталган кооперативдин үстүнөн 59 адам арызданып, милицияга кайрылган.

Келтирилген зыян 63.8 млн. сом деп эсептелген. Милициянын маалыматына ылайык, жабырлануучулардын арасында кооперативге 5 млн. сомдон ашык акча төккөн жарандар бар.

ШИИБ бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары башталган.

Шектүүлөр кармалгандан кийин кооператив жетекчилеринин үстүнөн дагы 15 арыз келип түшкөн.

"Ансар Групп" коммерциялык эмес керектөө кооперативине нааразы болгон жарандар 16-августта Бишкекте да маалымат жыйын берип, ишкана келишимде көрсөтүлгөн убадаларын аткарбай жатканын айтып чыгышкан.

"Ансар Групптун" жетекчилиги кооперативдер жөнүндө мыйзам менен иштеп жатканын "Азаттыкка" билдирип, доомат койгондор кооперативдин ички тартибине көнбөгөн мүчөлөр деп билдирген.

Юстиция министрлигинин сайтында "Ансар Групп" кооперативи 2021-жылдын 3-майында каттоодон өткөн.

Май айында Ички иштер министрлиги жыл башынан бери кыймылсыз мүлк чөйрөсүндөгү турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча 130дан ашык кылмыш иши козголуп, 37 материал сотко жөнөтүлгөнүн маалымдаган. Мындай коопертивдерге нааразы болгон акциялар өткөн.

Кыргызстанда иштеп жаткан турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз, мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт. Бейрасмий маалыматтар боюнча алардын саны жетимиштин тегерегинде деп эсептелет.

Улуттук банк адамдардан каржылык салымдарды чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик каржылык пирамиданын элементтерине окшош экенин эскерткен. Ошол эле кезде кооператив менен там алгандар да бар. (ZKo/AAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG