Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:34

Мобилизациядан улам миңдеген орусиялыктар Монголияга агылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

25-сентябрда Орусия менен Монголия ортосундагы чек ара өткөрмө бекетинде миңдеген автоунаалардын тыгыны жаралды. Алтанбулаг шаарына караштуу өткөрмө бекеттин башчысы AFP агенттигине билдиргендей, соңку беш күндө Монголиянын аймагына үч миңдей орусиялык кирген. Алардын көпчүлүгү эркектер.

"21-сентябрдан Монголияга агылган Орусия жарандарынын саны кескин көбөйдү",-деген майор Бямбасурэн.

Орусиялыктар Монголияда визасыз 30 күн жүрө алышат, киргенден кийин дагы отуз күнгө узартса болот.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация тууралуу жарыялары менен орусиялыктар чет жактарга чыгып кете башташты. Бул буйрукка каршы чыккандардын нааразылык акциялары жер-жерлерде уланууда. ОВД-Инфо тобунун маалыматына караганда, Москва жана башка шаарларда төрт күндүн ичинде 800дөй адам кармалды.

Путиндин буйругу орус армиясы Украинада чегинип жаткан маалга туш келди. Бул Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Орусияда жарыяланган алгачкы мобилизация.

Батыш эксперттери согуш башталган жети ай ичинде Орусия чоң жоготууга учураганын айтып келишет. Москва беш миңден ашуун аскеринен айрылганын жакында эле билдирди.

XS
SM
MD
LG