Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:21

Чек арада ракеталык комплекс жана тик учактар колдонулганы кабарланды


 Ок атышуу болуп жаткан аймактан чыгып бараткан Лейлек районуну тургундары. 16-сентябрь. 2022-жыл.
Ок атышуу болуп жаткан аймактан чыгып бараткан Лейлек районуну тургундары. 16-сентябрь. 2022-жыл.

Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы 16-сентябрда түшкө жуук тажик тарап чек арада ракеталык комплекстерди жана тик учактарды, чопкутталган аскердик оор техникаларды колдонуп жатканын кабарлап, чек арада оор кагылышуу болуп жатканын билдирди.

"Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн чек араны бузуп кирүүсүнө жол бербөө үчүн жерден жана абадан урулган баардык соккуларга каршы чаралар колдонулуп жатат", - деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.

Ошол эле учурда Тажикстандын чек ара кызматы Кыргызстандын аскер күчтөрүн айыптап, куралдын бардык түрү жана аскердик техникалар менен тажик тараптын калктуу конуштарын аткылап жатканын кабарлаганын "Ховар" маалымат агенттиги жазды. Анда "кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын, ок атышууну токтотпой жатканы" да айтылат.

Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып жазды. Бирок тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.

Учурда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өтүп жатат. УКМКга караштуу Чек ара кызматы мындан улам ок атышуу соолгундай түшкөнүн, ок атышууну токтотуу, кырдаалды жөнгө салууга байланыштуу бардык чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, соңку жаңжалда кеминде 18 адам жараат алды.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Анда атайын билдирүү таратып, "тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды", - деп айыптаган. Анда "Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде атышуу уланып жатканын" белгилеген. (JsA)

XS
SM
MD
LG