Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:25

"Кыргызсериал" мамлекеттик мекемеси түзүлдү


"Эфир" сериалынан алынган кадр.
"Эфир" сериалынан алынган кадр.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин алдындагы "Кыргызсериал" чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемеси түзүлдү.

Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мындай чечим улуттук киноискусствону өнүктүрүү жана улуттук кинематографияны сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүү, кинематографияны мамлекеттик колдоо системасын өркүндөтүү максатында кабыл алынган. Эми “Кыргызсериал” өзүнүн уставын иштеп чыгып, бекитиши керек.

Буга чейин жаш режиссер мамлекеттен колдоо болсо мыкты телесериалдарды жарата турган жаштар көп экенин айтышкан.

Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон бери көп деле телесериалдар тартылган эмес. Акыркы жылдары анча-мынча чет элдик сериалдар кыргыз тилине которула баштаганы болбосо, каналдарда көбүнчө орус тилине которулган сериалдар көрсөтүлүп келет. Кыргызча сериалдар YouTube каналында популярдуу болуп, чыккан күнү эле 100 миңден ашык көрүүчү топтогондор бар.

1990-жылдардын аягында, 2000-жылдын башында "Апамдын махабаты", "Чиркин өмүр", "Кууш жолдо", "Каражолтой" сыяктуу сериалдар тартылган.

Мамлекеттик телерадиокорпорациянын базасында түзүлгөн "Кыргыз сериал" студиясы көп өтпөй жабылып калган. 2018-жылы КТРК "Ак шоола" аттуу сериал тарткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG