Ханыша Елизавета II: тактыдагы 70 жыл

1
Елизавета үч жашта. 1929-жыл.

2
XX кылымдын 40-жылдарындагы ханбийке.

3
Ханбийке Елизавета (сол жакта аскердик форма кийип турат) Букингем сарайынын балконунда атасы, падыша Георг VI жана энеси Элизабет, сиңдиси Маргарет, премьер-министр Уинстон Черчилл менен.

4
Елизавета күйөөсү менен бал айында. 1947-жыл.

5
Ханыша күйөөсү, ханзаада Филипп менен. Түгөйлөр 1947-жылы үйлөнүшкөн, сүрөт андан бир жылдан кийин тартылган.

6
Елизавета 1951-жылы.

7
Елизавета II 1953-жылы 27 жашында таажы кийген күн. Атасы каза болгондон кийин ал Африкадагы сапарынан кайтып келген. Үйүнө ал мурдагыдай ханбийке эмес, монарх статусунда кайткан.

8
Елизавета күйөөсү менен Букингем сарайынын балконунда. 1953-жыл.

9
Ханыша жана ханзаада Филипп АКШнын ошол кездеги президенти Жон Кеннеди жана анын жубайы Жаклин менен.1961-жыл.

10
Ханыша Ирандын шахы Мохаммед Реза Пехлеви менен Тегеранда. 1961-жыл.

11
Елизавета II "Битлз" музыкалык тобунун мүчөлөрү менен. 1965-жыл.

12
Елизавета кичүү уулдары Эндрю жана Эдвард менен. 1971-жылы Рождество майрамында тартылган сүрөт.

13
Падышалык үй-бүлө 1972-жылы: Елизавета уулдары жана күйөөсү менен. Принцесса Анна, ханзаада Эндрю жана Эдвард.

14
Ханыша Лондондо. 1974-жыл.

15
Ханыша күйөөсү, ханзаада Филипп менен 1977-жылы.

16
Елизавета 1981-жылдын март айында тун уулу Чарльз жана анын аялы Диана менен.

17
Елизавета 1996-жылы.

18
Елизавета 1996-жылы Нельсон Мандела менен.

19
Елизавета британ парламентинде сүйлөп жаткан учур. 1997-жыл.

20
Елизавета күйөөсү Филипп менен 2002-жылы.