Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:58

Британ ханышасы Елизавета II дүйнө салды


Британ ханышасы Елизавета II
Британ ханышасы Елизавета II

Улуу Британиянын эң узак тактыда отурган ханышасы Елизавета II 96 жашында дүйнөдөн кайтты. Анын уулу, ханзаада Чарльз Британиянын жаңы падышасы болуп калды.

Расмий маалыматка ылайык, британ ханышасы 8-сентябрда түштөн кийин Шотландиядагы падышалык жайкы резиденциядагы Балморал сарайында көз жумду.

Мунун алдында Букингем сарайынын басма сөз кызматы ханышанын саламаттыгы начарлап, дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин билдирген. Аны улай Балморал сарайына падышалык үй-бүлөнүн мүчөлөрү барган.

Ханышанын ордун баскан уулу, падыша Чарльз III энесинин көз жумганы анын үй-бүлөсү үчүн “чоң кайгы” экенин айтып, ханышанын жоктугу дүйнөнүн булуң-бурчунда “терең сезилерин” белгиледи.

6-сентябрда эле ханыша Елизавета II Консерваторлор партиясы тандаган Лиз Трассты Улуу Британиянын премьер-министри кылып дайындап, 7-сентябрда министрлер кабинетин бекиткен.

Жаңы премьер Лиз Трасс ханыша Елизавета II заманбап Британиянын пайдубалы болгонун, өлкөдөгү туруктуулукту камсыз кылганын айтты. Ал британ коомчулугу жаңы падышага да лоялдуу бойдон каларын белгиледи.

Елизавета II Британияны 70 жыл башкарып, анын бийлиги учурунда 15 премьер-министр алмашты. Өлкөнүн мурдагы колониялары эгемендикке жетишти. Ал Британиянын тарыхында тактыда эң узак отурган жетекчи болуп калды. Елизавета тактыны 1952-жылы 6-февралда атасы Георгий VI көз жумганда ээлеген.

Дүйнө лидерлери көңүл айтууда

Дүйнө лидерлери ханыша Елизавета II дүйнөдөн кайтканына байланыштуу британ элине көңүл айтууда.

Ак үй британ ханышасы Кошмо Штаттарга эң тилектеш мамлекеттин лидери болгонун белгиледи. Президент Жо Байден ханыша менен алгач ирет 1982-жылы жолукканын, акыркы ирет 2021-жылы кездешкенин эске салды.

"Ал бизди акылмандыгы менен суктандырды, боорукердиги менен таасирлентти жана акылмандыгын марттык менен бөлүштү. Ал 11-сентябрдан кийинки эң оор күндөрүбүздө АКШ менен тилектеш болгон", - деди Байден.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Твиттердеги билдирүүсүндө ханыша Елизавета II жетимиш жылдан ашуун британ элинин туруктуулугу менен биримдигинин күзгүсү болгонун айтты.

«Мен аны Франциянын досу, өз өлкөсүндө жана өз доорунда унутулгус из калтырган боорукер ханыша катары эстейм», - деди Макрон.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш британ ханышасынын Африка менен Азияны деколонизациясы сыяктуу ондогон жылдык өзгөрүүлөрдөгү ордун белгиледи.

Германиянын канцлери Олаф Шольц ханыша Елизавета II Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Лондон менен Берлиндин мамилесинин калыбына келишине чоң салым кошконун жазды.

Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен британ элине көңүл айтып, Елизавета II дүйнөдө эң көп урмат-сыйга татыган лидер болгонуна токтолду.

XS
SM
MD
LG