Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:33

Донбасста Украина менен Орусия согуш туткундарын алмашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Азаттыктын” украин кызматы Донецк облусунда жума күнү Украина менен Орусиянын ортосунда кезектеги согуш туткундарын алмашуу болгонун жазды. Маалымат боюнча, 14 украин аскери мекенине кайтты. Аларды Орусиянын армиясы быйыл жазында колго түшүргөн. Арасында офицер жана аскер дарыгери бар. Украин тарап бардык жоокерлерин кайтаруу боюнча иштер уланып жатканын билдирди.

Согуш башталгандан бери Украина менен Орусия бир нече жолу туткундарды алмашышты.

Украинанын Юстиция министрлиги туткундарды алмашуу учурунда Москва биринчи кезекте Чеченстандын батальондорунун аскерлерин алып кетүүгө кызыкдар болорун кабарлады. Министрлик ушул тапта Украинада канча орус туткуну бар экенин ачыктай элек. Орус тараптын колуна түшкөн украин аскерлери боюнча да так сандар жок. Июль айында Украинанын жети миңдин тегерегиндеги аскери дайынсыз экени, алардын көбү туткунда болушу мүмкүн экени айтылган.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага каршы согуш ачкан. Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны “демилитаризациялоо” жана “денацификациялоо”, ошондой эле өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” ("ДНР"), “Луганск Элдик Республикасы” ("ЛНР") деп атап алган жикчил түзүмдөрдүн тургундарын “геноцидден” бошотуу зарыл экенин жарыялаган. Бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG