Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:28

Запорожье АЭСинин жанында атышуу болуп жатканы кабарланды


Запорожье атомдук электр станциясы. 1-сентябрь, 2022-жыл.
Запорожье атомдук электр станциясы. 1-сентябрь, 2022-жыл.

Улуу Британиянын Коргоо министрлиги 2-сентябрда Украинанын түштүгүндө салгылашуу уланып жатканын, анын ичинде Энергодар районунда, Орусия басып алган Запорожье атомдук электр станциясынын (АЭС) жанында атышуу болуп атканын билдирди.

Орусия менен Украина Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) эксперттер тобу Запорожье АЭСине барган тапта чабуул болууда деп бири-бирин айыптады.

Энергодар шаарынын мэри Дмитрий Орлов Орусиянын аскерлери 1-сентябрда шаарды тынымсыз аткылап, сокку жарандык объектилерге да урулганын, жараат алгандар бар экенин билдирген. Орусиянын Коргоо министрлиги болсо украин күчтөрүн АЭСтин аймагындагы Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) басып алууга аракет кылды деп айыптады.

Украина тарап Орусия АЭСти согушта калкануучу жай катары пайдаланып, курал-жарак сактап жана анын тегерегине чабуул жасап жатканын билдирип келет. Москва бул айыптоолорду четке кагууда. Мындай жагдайда Запорожье АЭСинде абал кооптонууларды күчөттү.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) миссиясы кырдаалды иликтеш үчүн 1-сентябда АЭСке барды. Алар 3-сентябрга чейин болот.

Запорожье АЭСи орус армиясы Украинага басып киргенден көп өтпөй, март айында Орусиянын карамагына өткөн. Аны украин кызматкерлери иштетип жатат. Европадагы эң ири атомдук электр станциясынын аймагы акыркы жумаларда бир нече жолу аткыланып, кооптуу жагдайлар жаралды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG