Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Укук коргоочу Токтонасыров "Город 312" тобунун концертин утурлай акцияга чыкты


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров 30-августта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун алдына "312, мындай кылган болбойт!", "Кремлдин ырчылары токтоткула"" деген плакаттарды көтөрүп чыкты.

"Дегеле Путиндин колдогон артисттердин Кыргызстанга келип концерт берүүсүнө каршыбыз. Мен стадиондун алдына плакаттар менен чыккам. Күч органдарынын кызматкерлери тургузбай коюшту", - деди Токтонасыров.


Бул акция тууралуу топтун ырчылары менен байланышууга мүмкүн боло элек.

"Город 312" тобунун ырчысы Светлана Назаренко Кыргызстанга келгенин, ал күйөрмандары менен концертте жолугуша турганын Фейсбуктагы баракчасына 29-августта жазган.

Быйыл мартта Уфа шаарында Орусиянын Украинадагы "атайын операциясын" колдогон митинг-концертте сөз болуп жаткан топ ырдаганын орус ЖМКлары жазып чыгышкан. Бул маалымат социалдык тармактарда талкуу жараткан. Назаренко ошол кезде "Кыргызстанда төрөлүп, Орусияда 20 жылдан ашуун убакыт жашап жаткан украин кызы экенин айтып, нацизмсиз дүйнөнү жактай турганын" билдирген.

"Город 312" тобу 30-августта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо президент Садыр Жапаров да оюнчу катары курамына кирген Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлер командаларынын футболдук оюндары учурунда уюштурулган концертте ырдап жатат. Ага жергиликтүү ырчы-чоорчулар чакырылган.

Орусия 24-февралда Украинага кол салгандан тарта расмий Бишкек бул маселеде нейтралдуу позицияда экенин билдирип келет.(КЕ)

XS
SM
MD
LG