Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Украина согуштун фонунда Эгемендик күнүн белгилеп жатат


Украин президентинин Владимир Зеленскийдин Эгемендик күнүнө байланыштуу куттуктоо учуру. Талкаланган орус техникасынын фонунда. Киев, Украина. 24-август, 2022-жыл.
Украин президентинин Владимир Зеленскийдин Эгемендик күнүнө байланыштуу куттуктоо учуру. Талкаланган орус техникасынын фонунда. Киев, Украина. 24-август, 2022-жыл.

Украина бүгүн, 24-августта Эгемендик күнүн белгилеп жатат. Өлкө СССРден бөлүнүп чыкканына туура 31 жыл болду. Бул күнү Орусия украин жергесине басып киргенине толук алты ай болду.

Украин президенти Владимир Зеленский көз карандысыздык майрамына байланыштуу кенен видео кайрылуу таратып, калкты куттуктады. Ал эгемендиктин алгачкы 30 жылы менен соңку алты бир тең болгонун, Орусия аларды багынтып алууга аракет кылганы менен Украина эркин өлкө бойдон каларын билдирди.

“Бул алты айда биз тарыхты өзгөрттүк, дүйнөнү өзгөрттүк жана өзүбүз өзгөрдүк. Эми биз ким бизге дос, ким бизге душман экенин, ким жөн эле тааныш экенин жакшы билебиз. Кимдер өз атын жана репутациясын жоготкон жок, кимдер террорчулардын жүзүн сактагысы келгенин да айра таанып алдык. Кимге биздин керегибиз жок, кайсы жерде бизге дайым эшик ачык экенин да билдик. Кимдер ким экенин түшүндүк. Бүтүн дүйнө украиндер ким экенин көрдү. Украина кандай экенин да билди. Эми алар бизди жөн гана Орусиянын жанындагы өлкө деп аташпайт. Биз өзүбүздү сыйлап калдык. Кандай гана жардам болбосун өзүбүздүн эгемендигибиз үчүн өзүбүз күрөшө турганыбызды түшүндүк. Биз чындап бириктик”, – деди Владимир Зеленский.

Украин президенти Орусия менен кармашта мындан ары бир дагы аймактык ийге келишпей турганын, бир да жер берилбей турганын, Крым менен Донбассты кайрадан кайтарып алышарын кошумчалады.

Кошмо Штаттардын чалгын кызматы Украинанын Туу күнүндө жана Эгемендик күнүндө орус аскерлери инфратүзүмдөргө жана мамлекеттик объектилерге жаңы ракеталык сокку урарын эскерткен. Украиндер кечээ, 23-августта Мамлекеттик туу күнүн белгилешти.

Орусиянын аскерлери 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген. Бул аралыкта Киев 9 миңдей жоокерин жоготту. Орусия мартта 1351 аскери өлгөнүн расмий билдиргенден бери маалыматтарды жаңылай элек. Украиндер 45 миңдей орус аскери өлдү деп билдирип жатышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG