Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:39

Зеленский Украина согуштун фонунда буудайды экспорттоого даяр экенин маалымдады


Владимир Зеленский Черноморск портундагы кемелердин жанында. 29-июль, 2022-жыл.
Владимир Зеленский Черноморск портундагы кемелердин жанында. 29-июль, 2022-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 29-июлда Одесса облусундагы иш сапарынын алкагында атайын Черноморск портундагы кемелерге дан азыктарын жүктөө иштери менен таанышты. Бул тууралуу президенттин сайты кабарлады.

Зеленский өнөктөш тараптар – Бириккен Улуттар Уюму менен Түркиядан данды ташуу иштери башталганы тууралуу тиешелүү сигналдарды күтөрүн айтты. Ал белгилегендей, экспорт жакынкы күндөрү башталат.

“Биринчи кеме толтурулуп жатат. Бул түрк кемеси. Ушунун өзү порт иштей баштаганын күбөлөндүрүп турат. Биз толук даярбыз. БУУга жана Түркияга кабарладык, биздин аскерлер коопсуздукту камсыздап берет. Инфратүзүм министри түрк тарап менен жана БУУ менен түз байланышта болуп турат, “баштай бергиле” деген сигналды күтөбүз”, - деди Владимир Зеленский.

Украинанын инфратүзүм министри Александр Кубраков менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортомчулугу менен Украинада бир нече айдан бери токтоп турган буудай экспортун кайра жандантуу келишимине 22-июлда кол койгон. Андан бир күн өтө электе Орусия Одессадагы портко ракетадан сокку урган.

Бул келишимге ылайык, Кара деңиздеги бөгөттөлгөн үч украин порту - Одесса, Черноморск жана Южный порттору ачылышы керек. Орусия аларды 24-февралда согуш башталгандан кийин тосуп койгон.

Эки тарап тең жүк ташуучу кемелер өтө турган маршрутта ок атууну токтотууга кепилдик берүүдө. Деңиз жолу миналардан тазаланышы керек, бирок бул порттордун акваториясы толук миналардан алынат дегенди түшүндүрбөйт. Дан азыктарын жүктөөгө Украинанын, Түркиянын жана БУУнун өкүлдөрүнөн түзүлгөн топ байкоо салат. Кемелерди украин флотунун техникалары гана коштоп жүрөт.

Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусияны украин деңиз портторун басып алганы үчүн айыптап, муну дүйнөлүк рынокто дан азыктарынын бааларын көтөрүүгө жана товарлардын тартыштыгын жаратууга болгон аракет деп баалап келген. (ErN)

XS
SM
MD
LG