Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Жо Байден менен Си Цзинпин Тайванды талкуулашты


АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин сүйлөшүүсү. 2022-жылдын 28-июлу.
АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин сүйлөшүүсү. 2022-жылдын 28-июлу.

28-июлда АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Тайвандын айланасындагы маселелерди телефон аркылуу эки саат бою талкуулашты.

Кошмо Штаттардын Ак үйү тараткан маалыматка караганда лидерлер эки тараптуу мамилелерден тышкары аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулашты.

Маалыматта айтылгандай Байден Тайван боюнча расмий Вашингтондун позициясы өзгөрбөгөнүн айтып, Кошмо Штаттары "аралдын азыркы абалын өзгөртүүгө же анын тынчтыгы менен бейпилдигин бузууга чечкиндүү каршы турарын" кошумчалаган.

Өз кезегинде Си Цзинпин Кытай Тайванды өз аймагынын ажырагыс бир бөлүгү катары карай турганын белгилеген. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө “ким от менен ойносо ал күйөт. Кошмо Штаттары буга сергек мамиле жасайт деген үмүт бар" деп айтылган.

Жо Байден менен Си Цзинпин телефон аркылуу АКШнын Өкүлдөр палатасынын төрайымы Нэнси Пелоси Тайванга сапар алар алдында сүйлөшүп отурат. Буга чейин расмий Бээжин Пелосинин бул иш сапарын чагым катары баалай турганын билдирген.

Жо Байден менен Си Цзинпин акыркы ирет Орусия Украинага кол салгандан кийин мартта сүйлөшкөн.

XS
SM
MD
LG