Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:54

“Балыкчы-Кочкор” темир жолу курула турган аймакта байыркы коргондор табылды


Табылган коргондор.
Табылган коргондор.

“Балыкчы-Кочкор” темир жолу курула турган аймакта болжол менен байыркы скиф коргондору табылганын 26-июлда "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Боз-Бармак тоо кыркалары аркылуу жер астындагы трассанын өтүүсүн долбоорлоодо оюк түрүндөгү байыркы коргондор табылган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бул табылган коргондорду археологиялык эстелик жана тарыхый-маданий мурас объекттери деп аныктаган. Ошого байланыштуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы объекттерди сактоо режимин камсыздоо жоопкерчилигин өзүнө алып, дөбөлөрдүн абалын археологдор менен бирге талкуулап, аларды казууну жана кайра көмүүнү каржылоо чечимин кабыл алганы айтылды.

Учурда тиешелүү адистер менен келишим түзүлүп, алар курулуп жаткан темир жолдун эки тарабындагы байыркы коргондорду казуу иштерин башташты. Боз-Бармак тоо массивинде узундугу 540 метр болгон тилкеде жүрүп жаткан иш эки айга созулат деп мерчемделүүдө.

Кыргызстандын аймагында изилденбей калган тарыхый жайлар, археологиялык эстеликтер көп экенин тарыхчы адистер айтып келишет.

"Кыргыз темир жолу" жүзөгө ашырып жаткан "Балыкчы–Кочкор–Кара–Кече" (186 чакырым) темир жол долбоору 2030-жылга чейин аяктары, ага кошумча инвестиция тартылбастан, өлкөнүн өз каражаты жумшалары буга чейин айтылган. Биринчи этабында 63 чакырымдык Балыкчы–Кочкор тилкесин куруу пландалууда. Өкмөт башчы Акылбек Жапаров 29-июнда парламентте маалымат берип жатып Балыкчы-Кочкор темир жолунун беш чакырымы курулганын, аны толук куруп бүтүрүү үчүн учурда инвестор изделип жатканын айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG