Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:34

"Бишкекгенплан" ишканасынын жетекчиси сындан кийин кызматтан алынды


Жыргалбек Асаналиев.
Жыргалбек Асаналиев.

Мэриянын алдындагы "Бишкекгенплан" долбоорлоо институтунун жетекчиси Жыргалбек Асаналиев кызматынан алынды. Буга байланыштуу буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койгонун мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта Асаналиевди кызматтан алууга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун коррупция маселелери боюнча координациялык кеңештин 19-июлдагы жыйынындагы сыны себеп болгону айтылат.

Мэрдин башка буйругу менен аталган ишканынын директору болуп Эдил Касмалиев дайындалды. Ал буга чейин "Бишкек башкы архитектура" ишканасында иштеген, 2019-жылдан тартып шаар куруу боюнча архитектор болуп иштеп, шаардын башкы планын, курулуштардын долбоорун иштеп чыгууга катышкан.

Коррупцияга каршы координациялык кеңештин 19-июлдагы жыйынында курулуш тармагындагы жемкорлук талкууланган.

Жыйында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жакында эле дайындалган башчысы Нуртазин Жетибаев баяндама жасап, Бишкектин вице-мэри Бактыбек Абдиев менен “Бишкекгенплан” ишканасынын жетекчиси Жыргалбек Асаналиевди шаар курууда бир топ мыйзам бузууларга жол берген деп айыптаган.

Эки кызматкер 10 жылдан ашуун курулуш тармагындагы ар кандай жогорку кызматтарда иштеп турганын, шаардагы башаламан курулуштарга, жерлердин мыйзамсыз берилип кетишине шарт түзгөнүн айткан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров курулуш мамлекеттик агенттигин башчысынын айтканы олуттуу айыптоо экенин, муну укук коргоо органдары текшерүүгө аларын белгилеген.

Мэр Эмилбек Абдыкадыров аты аталган кызматкерлерге расмий айыптоо жок экенин айтып, аларды кесипкөй адис катары сыпаттаган. Алардын күнөөсү болсо кызматтан алууга даяр экенин айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG