Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:56

Чолпон-Ата: Борбор Азия лидерлери келишимге кол койду

Чолпон-Атада Борбор Азиядагы беш мамлекеттин башчыларынын төртүнчү кеңешмеси аяктады.

Борбор Азия мамлекет башчыларынын 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгында жыйынтыктоочу документтер кабыл алынды. Чөлкөмдүн лидерлери биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты.

15:01 21.7.2022

Мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев: Келечекте Борбор Азия бардык жагынан, саясий-экономикалык, транспорт, энергетикалык камсыздоо, коопсуздук жаатында геосаясатта көпүрө болуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул кеңешмени алгач түзгөндө эле бара-бара саясий бирикмеге айландыруу пландары болгон. Ал кадам-кадам болуп ишке ашып келе жатат деп ойлойм.

14:41 21.7.2022

Борбор Азия мамлекет башчыларынын 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн төртүнчү консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгында жыйынтыктоочу документтер кабыл алынды. Чөлкөмдүн лидерлери биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты.

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Тажикстан менен Түркмөнстандын президенттери Эмомали Рахмон менен Сердар Бердымухамедов өз өлкөлөрүндөгү ички процедуралар аяктагандан кийин бул документке кол коюшат.

"Бул маанилүү документ регионубуздун өлкөлөрүнүн жакындоосуна жана учурдун коркунучтары менен чакырыктарына туруштук берүү үчүн күч-аракетибизди консолидациялоого оң таасир этерине үмүт артам. Бул тарыхый учур жана бул келишим Борбор Азиянын жалпы мейкиндигинин гүлдөп өнүгүүсүнө бекем негиз болуп берет деп ишенем”,- деди Жапаров.

Мындан сырткары Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Арал деңизин сактоо эл аралык фондунун президенти катары Эмомали Рахмондун ыйгарым укуктарын узартуу чечимине кол коюшту.

Казакстандын жана Өзбекстандын лидерлери кеңешмеге катышуу үчүн Кыргызстанга 20-июлда келген. Калган эки президентти Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан бүгүн, 21-июлда тосуп алды.

14:27 21.7.2022

Садыр Жапаров: Кыргызстандын суу ресурстарын топтоо жана сактоо аракеттери ушу кезге чейин өз баасын ала элек. Дагы бир жолу сууну пайдалануунун эки тарапка тең пайдалуу механизмдерин биргелешип иштеп чыгууну сунуштайм. Ошондо суунун башындагы өлкөлөр суунун аз болгон мезгилинде дагы бир нече жылдар бою сугат үчүн сууну вегетация мезгилине топтоо мүмкүнчүлүгүнө жана кызыгуусуна ээ болушат. Биз 1998-жылдагы Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосундагы Нарын-Сырдарыя дарыясынын суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу боюнча макулдашуунун алкагында кызматташууну жаңыртуу жана өркүндөтүүнү жактайбыз, анда суу жана энергетикалык ресурстар тең салмактуу алмашуусу каралган.

14:20 21.7.2022

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунда сүйлөп жатып, чек ара аймактарын достук менен ишенимдин көпүрөсүнө айлантууну сунуштады. Ал аймакта болгон кайгылуу окуялар "деструктивдүү күчтөрдөн, анын ичинде диний фанаттарды жана кылмышкерлерди өз тарабына тарткан тышкы күчтөрдөн коопсуздукту камсыздоо маселелерин алдыңкы планга чыгарганын" белгиледи.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG