Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Чолпон-Ата: Борбор Азия лидерлери келишимге кол койду

Чолпон-Атада Борбор Азиядагы беш мамлекеттин башчыларынын төртүнчү кеңешмеси аяктады.

Борбор Азия мамлекет башчыларынын 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгында жыйынтыктоочу документтер кабыл алынды. Чөлкөмдүн лидерлери биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты.

22:25 20.7.2022

22:17 20.7.2022

Чолпон-Атадагы бейформал жолугушуунун алкагында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев Бостериде этномаданий комплекси менен таанышты.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Өлкө башчыларын баатырлардын формасын кийген жигиттер менен улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты.

Президенттер кол өнөрчүлөр аллеясына өтүп, боз үйлөрдүн ички жасалгасын, кол өнөрчүлөрдүн, улуттук музыкалык аспаптарды, ала кийиз, шырдак жасоочулардын өнөрканаларды көрүштү.

20:16 20.7.2022

Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү кеңешме жыйынынын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 20-июлда Чолпон-Атада бейформал жолугушту. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев үч президент кемеде сейилдегенин билдирди. Чолпон-Атада эртең, 21-июлга белгиленген жыйынга катышуу үчүн Түркмөнстан жана Тажикстандын президенттеринин келиши да күтүлүп жатат.

19:59 20.7.2022

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да Чолпон-Ата шаарына келди.

"Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда аны Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Шавкат Мирзиеёев.
Шавкат Мирзиеёев.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG