Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:01

Иманов: Орусиядан алган ИВЛ аппараттарды кайтарып бергени жатабыз


Талантбек Иманов.
Талантбек Иманов.

2020-жылы “Дастан” ишканасы Орусиядан алдырып келген ИВЛ (өпкөнү жасалма дем алдыруучу) аппараттар кайра кайтарылып берилмей болду. Бул тууралуу 18-июлда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде санариптик өнүктүрүү министри, ишкананын мурдагы жетекчиси Талант Иманов билдирди.

Ал коронавирус башталганда өкмөттөн ӨКМ жана башка мекемелер аркылуу “тез арада ИВЛ аппараттарын алып келгиле” деп буюрутма болгонун, ошондо “Дастан” аркылуу 300 даана ИВЛ алынып келгенин айтты.

“Бир тыйын акчасын төлөгөн жокпуз. Кийин төлөп беребиз деп алып келгенбиз. Анан эле өкмөткө өткөрүп берели десек мурдагы өкмөттөгүлөр бизди үстөк пайда көрүп жатышат деп ойлоштубу, айтор, өкмөткө өткөрүп алыш үчүн “шапкасын” же башкача айтканда, кошумча акча сурашты. Ошентип бүгүнкү күнгө чейин маселе чечилбей келген. Анысы аз келгенсип “аппараттарды анда кайтарып берели” десек, өлкөдөн медициналык аппараттар чыгарылбасын деген өкмөттүн токтомун чыгарып коюшкан. Кечээ жакында сотко берип, соттун чечими чыкты. Мына эми жакында кайтарып бергени жатабыз”, - деди Иманов.

Министр мамлекет дагы, “Дастан” корпорациясы дагы бир тыйын зыян тартпаганын кошумчалады.

Орусиянын "Ростех" корпорациясына таандык "Электронинторг” компаниясы "Дастанды" 300 ИВЛ аппаратын карызга алып, акысын төлөбөй жүргөнү үчүн банкрот деп табуу үчүн сотко кайрыларын жарыялаган. Компаниянын юристи Евгения Руденко “ИВЛ аппараттарды кайтарууга биз макул эмеспиз. Башында мына ошентип, талкууланган. Андан кийин бул боюнча талкууну бүтүрүп, бизге ал аппараттарды кайтарып берүүнүн кажети жок, акчалай төлөм зарыл деген позицияга токтолгонбуз. Биз аларды өз убагында жеткирип, бардык милдеттемелерибизди так аткарганбыз. Бизге төлөм керек" деп айткан.

Маселе парламентте да көтөрүлүп, маселенин чоо-жайын иликтөө үчүн комиссия түзүү сунушталган. (RK)

XS
SM
MD
LG