Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:01

АКШ: Иран Орусияга аскердик дрондорду жөнөткөнү жатат


Ирандык аскердик учактар. Иллюстрациялык сүрөт.
Ирандык аскердик учактар. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын өкмөтү Иран Украинадагы согушта пайдалануу үчүн Орусияга аскердик учкучсуз учуучу аппараттарды жөнөткөнү жатканын эскертти. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан журналисттерге кабарлады.

“Биздин маалыматтарга караганда, Иран өкмөтү тездетилген мөөнөттө Орусияга жүздөгөн учкучсуз аппараттарды, анын ичинде курал алып жүрүүчү аппараттарды жөнөткөнгө камданууда. Ошондой эле Иран орус күчтөрүнө бул аппараттарды туура колдонууну үйрөткөнгө даярданып жатканы тууралуу маалыматтар бар. Биринчи машыгуулар июлдун башында башталышы керек”,-деди ал.

Салливан ошондой эле Иран мурдараак ушул эле дрондорун Сауд Арабияга чабуул жасоо үчүн Йемендеги козголоңчуларга бергенин кошумчалады.

Украинадагы согушта дрондор эки тарап үчүн чоң роль ойноп жатат. Өзгөчө украин тарап чет элдик учкучсуз аппараттардын жардамы менен каршылашынын көп техникаларын жана аскерлерин жок кылды.

Украин күчтөрү Түркиянын Bayraktar учкучсуз учактарын колдонууда чоң артыкчылыктарды көрсөттү. Киевге Вашингтон жана башка өлкөлөр да чаканыраак көлөмдөгү көп дрондорду жеткирди.

Орусия өзү “атайын операция” деп атаган, иш жүзүндө Украина үчүн болуп жаткан согуш беш айга жакын убакыттан бери уланууда. Москва кеңири масштабдагы кол салуусун 24-февралда баштаган. Бул аралыкта орус аскерлери Украинанын түштүгүндөгү жана чыгышындагы облустарынын бир топ бөлүгүн басып алды. Киев, Чернигов жана башка түндүктөгү аймактардан артка чегинди. (ErN/EzK)

XS
SM
MD
LG