Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:39

Талибдер Өзбекстанды аткылагандарды табуу аракетин көрүүдө


Өзбек-ооган чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт
Өзбек-ооган чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт

"Талибан" жетектеген өкмөт Ооганстандын аймагынан Өзбекстанды аткылагандарды кармап, жазага тартууга аракет көрүп жатат. Бул тууралуу талибдердин расмий өкүлү Забиулла Мужахид Твиттерге жазды. Анын айтымында, бул эки дос мамлекет ортосунда өз ара ишенбөөчүлүктү пайда кылууну көздөгөн карасанатай күчтөр кылган иш.

5-июлда Ооганстандын аймагынан Өзбекстандын Термез шаарына беш ракета атылганы кабарланган.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги "дүрмөттөр жарылган эмес, курмандыктар жана кыйроолор жок" деп билдирген. Тийиштүү мекемелер ооган тарап менен окуянын себептерин иликтеп жатышканы кабарланган.

18-апрелде социалдык тармактарда Ооганстандан Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы аскердик жайларга он ракета атылганы тууралуу маалымат тараган.

Ошондо расмий Ташкент андай окуя болгонун четке каккан.
"Америка добушу" радиосу Ооганстандагы "Ислам мамлекети-Хорасан" экстремисттик уюму Өзбекстандын Термез шаарындагы аскер базасын көздөй он ракета учурганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG