Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:20

Депутат Ормонов: Бакиевге сотко катышууга мүмкүнчүлүк берүү керек


Улукбек Ормонов.
Улукбек Ормонов.

Кыргызстан мурдагы президенттерин кубалаган өлкө катары таанылбашы үчүн аларга соттук териштирүүлөргө катышып, пикирин билдирүүгө мүмкүнчүлүк бериши керек. Мындай пикирин бүгүн, 5-июлда “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов билдирди.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин сотко онлайн катышуу ниетин билдирген интервьюсу боюнча пикирин айткан депутат мурдагы мамлекет башчысы Аскар Акаев да келип, көрсөтмө берип кеткенин белгиледи.

“Биз президенттерин кууган өлкө болуп калбаш үчүн соттук териштирүүнү аягына чыгарып, эгер катышып, көрсөтмө берсе, көрсөтмөсүн алышыбыз керек. Апрель окуялары боюнча көп сөз бар да. Ошондуктан тактап коюш ашыкча болбойт деген ойдомун”, - деди Ормонов.

Улугбек Ормонов 2009-2010-жылдары парламенттеги бийликчил "Ак жол" фракциясынын төрагасы болгон.

Курманбек Бакиев жакында "Жаңы Ордо" гезитине курган маегинде “Менин үстүмдөн чыккан соттун чечимдерин ушул убакка чейин көрө элекмин. Болбосо, Кыргызстандын жетекчилиги менин кай жерде жашап жатканымды билет” деп, ага козголгон иш боюнча сот отурумун онлайн өткөрсө болорун, тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берүүгө даяр экенин айткан.

Өлкөнү 2005-жылдагы Март ыңкылабынан кийин жетектей баштаган Курманбек Бакиев башында турган бийлик 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин кулатылган. Бакиев жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен, өзү ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, анын жеке өзүнө жана жакындарына каршы он чакты факт боюнча айып тагылган, мурдагы президент өзү сыртынан жалпысынан 30 жылга эркинен ажыратылган. Башкы айып 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин Ала-Тоо аянтында адамдар өлтүрүлүп, жараат алганы боюнча. Иниси Жаныш Бакиев жана кенже уулу Максим Бакиев Апрель окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин кесилген. Тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон. Бакиевдер мекенинде коюлган айыптарды четке кагып келет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 15-июнда “Новые лица” басылмасына курган маегинде азыркы бийликтин Бакиевдерди реабилитация кылуу ою жок экенин билдирген, бирок мурдагы президенттерди “реабилитация кылгысы келсе эл гана качандыр бир кезде кыла алат" деп айткан. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG