Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:02

ЖК: азык-түлүк коопсуздугу тууралуу өкмөттөн маалымат алуу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында депутат Айбек Осмонов парламенттин кийинки отурумуна өкмөттү чакырып, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого байланыштуу маалымат алууну сунуштады.

"Өзүңөр билесиңер, кыштын камын жазда көр дейт. Дүйнөдө болуп жаткан окуяларды билесиңер. Украина миңдеген тонна буудайын экспортко чыгара албай отурат. Казакстан буудайды сыртка сатууга тыюу салган чечим чыгарды. Кыргызстан болсо буудайды сырттан алат. Эртең кышында буудайы жок калбайбызбы, абалыбыз кандай болот? Ошондуктан эмки отурумга өкмөттү чакырып, маалымат алсак", - деди Осмонов.

Буга чейин кыргыз өкмөтү 110 миң тонна буудай, 25 миң тонна кумшекер сатып алганы маалымдалган. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "бизде бул жаатта маселе болбойт. Өкмөт бардык аракетти көрүп жатат", -деп билдирген.

Украинадагы согушка байланыштуу азык-түлүк коопсуздугу жаатында бир катар маселелер жаралды. Өткөн айда Кыргызстанда кумшекер таңкыстыгы байкалып, баасы кымбаттаган. Өкмөт мындан улам кумшекерди жана чийки камыш кантын өлкөдөн алып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салган.

Кыргызстан буудай, кумшекер сыяктуу азык-түлүктү, товарларды сырттан импорттойт. Анын ичинде Кыргызстан буудайдын 57% Орусиядан, 40% Казакстандан сатып алат. Былтыр өлкө дээрлик 50 миң тонна кумшекер импорттогон, анын көбү Орусиядан 24,3 миң тоннаны түзгөн. Казакстандан 4,5 миң тоннадан ашык кумшекер ташылып келген.

XS
SM
MD
LG