Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:40

ДССУ расизмге жол бербөө үчүн маймыл чечегинин аталышын өзгөртүүнү сунуштады


Маймыл чечегин жуктуруп алган киши колун көрсөтүп жатат. Сүрөт 1996-1997-жылдары Конго Республикасындагы маймыл чечеги кескин тарап кеткен учурда жасалган изилдөөдө тартылган.
Маймыл чечегин жуктуруп алган киши колун көрсөтүп жатат. Сүрөт 1996-1997-жылдары Конго Республикасындагы маймыл чечеги кескин тарап кеткен учурда жасалган изилдөөдө тартылган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) расизмге жана стигматизацияга каршы күрөшүү үчүн ар кайсы өлкөлөрдө аныкталып жаткан маймыл чечегинин аталышын өзгөртүүнү пландап жатат. Бул тууралуу уюмдун башкы директору Тедрос Гебрейесус атайын брифингде жарыялады.

Анын пикиринде, азыркы аталыш Африка менен ассоциация болуп кабылданат жана илдеттин жайылышы африкалыктарды дискриминациялоого алып келиши ыктымал. Гебрейесус жакын арада оорунун аталышынын жаңы варианттары сунушталарын кошумчалады.

ДССУнун жетекчисинин чечими Virological сайтынын басылмасынын ушул тема боюнча билдирүүсүнөн кийин жарыяланган. Анда кайсы бир оорунун жайылуусу жөнүндө сөз кылганда географиялык шилтемелерди келтирүүдөн карманууга чакырган пикирлер жазылган.

Баяндаманын авторлору 2022-жылга чейин Африкада илдет көбүнчө жаныбардан адамга жукканын, ал эми азыркы учурларда вирус адамдан адамга жугуп жатканын, бул Африкага да, маймылдарга да тиешеси жоктугун билдиришкен. Алар “маймыл чечеги” деген аталыш эскиргенин жана ал азыр элге туура эмес түшүнүктү берип коюшу мүмкүндүгүн кеп кылышкан.

Коронавирус пандемиясы башталган учурда анын жаңы штаммдары алар аныкталган шаарлардын жана өлкөлөрдүн географиялык аталыштары менен аталып турган. ДССУ кийин аларды грек алфавитиндеги тамгалар менен атоого өткөн. Кийин түшүндүрүлгөндөй, мындай чечим вирустун Кытайдан чыкканына жана штаммдар кайсы бир өлкөлөрдө биринчи катталганына акцент жасабаш үчүн кабыл алынган.

Майдын башынан бери дүйнөдө маймыл чечегин жуктурган 1800дөн ашуун учур катталган. Адистер ага кабылгандар өтө көпкө созулбай айыгып жатышканын билдирүүдө.

Маймыл чечеги кадимки чечектин (натуральная оспа) бир түрү болуп саналат. Ал алгач 1958-жылы маймылдардан аныкталган үчүн ушундай аталыш алып калган. Мунун вирусунун түзүмү да кишинин чечегине окшош болот. Маймыл чечегин жуктурган адамда дагы денесинде ыйлакчалар чыгып кетет. (ErN)

XS
SM
MD
LG