Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Депутат парламенттин бедели жөнүндө маселе көтөрдү


Мирлан Самыйкожо.
Мирлан Самыйкожо.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин парламентке карата мамилеси жөнүндө пикирин айтып, эки органдын ортосундагы алака мамлекеттин ишине кедергисин тийгизип жатканын билдирди.

Депутат Кочкор районунун башчысы анын жардамчысына бут тосуп жатканын мисал келтирди.

“Жогорку Кеңеш кандай органбыз? Чындап эле силер келип урушсаңыздар башыбызды чүмкөп отуруп беребизби же өз оюбузду айта турган органбызбы?”, - деди депутат.

Камчыбек Ташиев депутатка жооп берип, Кочкор районунун акими боюнча буга чейин эле башка маалыматтар болгонун, жакында чара көрүлөрүн айтты.

Жыйында Ташиев Жалал-Абаддагы селге байланыштуу маселе көтөргөн депутат Тазабек Икрамовду дагы сындаган. Икрамов Ташиевге жооп кайтарып, эл өкүлү катары парламентте маселе көтөрүүгө укугу бар экенин белгиледи.

Жогорку Кеңештин 2-июндагы жыйынында “өкмөттүн күнү” болду. Чогулуш депутат Адахан Мадумаров менен атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин кайым айтышы менен башталган. Камчыбек Ташиев – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттин төрагасы жана Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары. (TSh)

XS
SM
MD
LG