Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:26

ККМге каршы акция Таласта да өтүүдө


Талас шаары. 2022-жылдын 30-майы.
Талас шаары. 2022-жылдын 30-майы.

Соода жүргүзүүдө көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) колдонууга каршы акция бүгүн 30-майда Таласта да өтүп жатат. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдагандай, акцияга чыккан 100дөй адам президент Садыр Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, мурдагы патент системасын калтырууну өтүнүп жатышат.

ККМге каршы акция бүгүн Бишкекте, Өкмөт үйүнүн алдында да өтүүдө. Өзүлөрүн дүкөн-базарда иштеген соодагер деп тааныштырган 100 чакыт адам колуна “ККМге каршыбыз”, “Счет-фактурага каршыбыз”, “Патент калсын” деген жазууларды кармап турушат.

Салык боюнча жаңы мыйзамга ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикет өткөрүшкөн. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтышкан.

Президент Садыр Жапаров 8-февралда Бишкектеги “Дордой” жана “Ош" базарларына барып, ишкерлерге ККМди ишке киргизүү максатын түшүндүргөн. Ал Кыргызстанда экономиканын 40% көмүскөдө калганын, ошону алып чыгуу аракети көрүлүп жатканын, кичи жана орто бизнес жабыркабасын деген аракет көрүлөрүн айткан.

Экономика жана коммерция министрлиги базарда ККМ колдонбоого уруксат берүү маселесин атайын түзүлгөн жумуш тобу талкуулап жатканын, алар үчүн салыктын өзүнчө түрүн киргизүү маселеси караларын, чечим кабыл алына электигин 18-майда билдирген. (MKt)

XS
SM
MD
LG