Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:45

ЖК: "Илбирстин" аскерлеринин тасмасын прокуратура иликтеши керектиги айтылды (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин 25-майдагы жыйынында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Эмил Токтошев "Илбирс" атайын багыттагы аскер бөлүгүнүн экзаменин сынга алды. Буга байланыштуу аскер прокуратурасы иликтөө жүргүзүшү керектигин билдирди.

"Социалдык тармактарда аскерге барган жаңы баланы ур-токмокко алып жатканы тартылган видео чыкты. Эми муну көргөн, баласын аскерге жөнөтөм деген ата-энелер кандай ойдо калды? Биз Коргоо министрлигине каражат бөлүп берип, аны балдарды мекенди коргоого, курал кармоого тарбиялагыла деген ниет менен кылсак булардын балдарга карата мамилеси, тарбиясы ушундай болуп жатат. Урматтуу төрага, аскер прокуратурасына протоколдук тапшырма берели, ушуну териштирсин. Армияда эмнеге суицид болот десе, көрсө анын себеби ушул экен да. Бул соцтармакка тарап кеткен видео, ал эми чыкпаганы канча? Балдарга эрк бергендин ордуна булар кайра ур-токмокко алып жатышат",- деди Токтошев.


Буга чейин Коргоо министрлиги "Илбирстин" бир жоокери экинчисин сабап жатканы тартылган видеого байланыштуу түшүндүрмө берген. Анда бул окуяны жоокерлерди кабыл алуудагы "экзамен" деп атаган. Министрлик мелдеште сабалган жоокердин саламаттыгы тууралуу комментарий бере элек.

Интернетке жарыяланган тасмадан камуфляж кийген бир адам экинчисин ал бир канча жолу теңселип жыгылып калганына, туруштук бере албай жатканына карабай башка-көзгө, бөйрөк тушка аёосуз соккулап, ичине, бутуна тепкилеп жатканын көрүүгө болот. Аларды ондогон адам тегерете курчап турганы, "Исман, чыдап кой. Тур, бетти тос, карма! деп" кыйкырып, кубаттап-коштогону тартылган.


Расмий маалыматка ылайык, 2007-жылы Коргоо министрлигине караштуу Түштүк-батыш аскер бөлүгүнүн алкагында атайын багыттагы бригада түзүлгөн жана ага 2010-жылы "Илбирс" деген ат ыйгарылган. Учурда бул бөлүк келишимдик негизде кызмат өтөгөн жоокерлерден куралган жана алар адатта илбирстин элеси түшүрүлгөн жашыл берет кийип жүрүшөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG