Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

Сузакта 650дөн ашуун үйдү сел каптады


Сузак району, Атабеков айыл аймагынан тартылган сүрөт. 5-май, 2022-жыл.
Сузак району, Атабеков айыл аймагынан тартылган сүрөт. 5-май, 2022-жыл.

4-май күнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Жалал-Абаддын Сузак районундагы Барпы жана Атабеков айылдарында 654 турак үйдү, 10го жакын социалдык мекемелерди сел каптады.

Аталган айылдардан 1053 адам эвакуацияланганын облустук администрациядан билдиришти. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев 5-майда сел жүргөн айылдарга барып, абалды көрдү.

Жарандык коргонуу кызматынан 260, өздүк курамдан 135 кызматкер тартылып, сел каптаган үйлөр тазаланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 12 техника, Жарандык коргонуу кызматынан 30 техника бөлүндү.

3-4-май күндөрү Ош, Жалал-бад, Нарын, Талас облустарындагы ондогон үйлөрдүн короолорун сел каптап, көпүрөлөр бузулуп, айрым жолдор жабылып калды.

Президент Садыр Жапаров селден улам өлкө аймагында ондогон үй-бүлөдөн 1150дөй адам убактылуу башка жакка көчүрүлгөнун Фейсбукка жазып, жабыр тарткандарга жардам көрсөтүлөрүн айтты.

Сел жана көчкү коркунучунан улам Кыргызстанда мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Кыргызгидромет борбору тоо этектеринде сел коркунучу бар экенин эскертүүдө. (SE\TB)

Үрөй учурган сел
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:12 0:00

XS
SM
MD
LG