Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

Президент Ысык-Көлдөгү пансионат ээлерине кайрылды


Ысык-Көл. Архив.
Ысык-Көл. Архив.

Президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы расмий баракчасындагы билдирүүсүндө 2023-жылы 1-январдан тартып Ысык-Көлдүн айланасындагы саркынды суулардын тазалоочу жайлары жок пансионат, эс алуучу жайлардын иштөөсүнө тыюу салынарын эскертти. Ысык-Көлдө пансионат, конок үй кургандарга талапты катаалдаткан жарлыкка кол койгонун белгиледи.

Аларды быйылкы жылдан баштап курулушка каражат бөлүүгө чакырды.

“Алдын ала эскертип коёюн, 2023-жылдын 1-январынан тартып, Ысык-Көлдүн айлана-тегерегиндеги пансионаттардын, эс алуучу жайлардын саркынды сууларды тазалоочу жайлары жок болсо, алардын иштөөсүнө тыюу салынат. Ошондуктан быйылкы сезондо тапкан каражатыңарга дароо саркынды суу тазалоочу жайларды салгыла”, - деп жазды президент.

Президент Жапаров 27-апрелде “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Документке ылайык, эмдиги жылдан тартып пансионаттарды инженердик коммуникация жана курулмалар менен камсыздабай иштетүүгө тыюу салынат.

Жарлыктын алкагында аймактагы экологияны сактоого байланыштуу бир катар тапшырмалар берилгени, Министрлер кабинети “2023-2026-жылдары Ысык-Көлдү коргоо жана анын биосфералык зонасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө" байланыштуу программа даярдап, аны бекитүүгө милдеттендирилгени расмий маалымдалды.

Экологдор Ысык-Көлдө акыркы он жылдан бери эс алуучу жайлардын саркынды суулары көлгө куюлуп жатканын айтып, коңгуроо кагып келишет. Чолпон-Ата суу канал ишканасынын маалыматында, эки насостук станциянын бири көлдүн жээгине жакын 150 метрде жайгашкан. Буга чейин ишкана жетекчилиги сууну сордуруп алуучу айрым тетиктер эскилиги жетип, насостор авариялык абалда экенин билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG