Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:39

ИИМ: синтетикалык маңзат Голландия, Иран, Түркия, Орусия, Кытайдан ташылып жатат


Бишкектеги баңгизатын жарнамалаган жазуулардын бири.
Бишкектеги баңгизатын жарнамалаган жазуулардын бири.

Ички иштер министрлиги Кыргызстанга синтетикалык маңзат Голландия, Иран, Түркия, Орусия, Казакстан жана Кытайдан "оңой жол" менен ташылып келип жатканын билдирди.

Бул өлкөлөрдөн синтетикалык дары-дармектер почта аркылуу бандерол же кат түрүндө жеткирилет. Ташып келүү схемасы жолго коюлган. Маңзатка керектүү химиялык заттар эл керектөөчү товар, тамак-аш азыктарын, айыл чарба продукциялары, курулуш аралашмалары менен кошо келет. Ал химиялык заттарды чек арадан аныктоо кыйын. Өлкөгө ташылып келгенден кийин химиялык заттардан синтетикалык маңзат жасалат.

Расмий маалыматка караганда, 2021-жылы ИИМде синтетикалык маңзаттарды аныктоо, бөгөт коюу боюнча өзүнчө кызмат түзүлүп, жарым жылдын ичинде 60 маңзат боюнча факты катталган.

Ички иштер министрлиги Борбор Азияда баңгизаттын мындай жаңы түрүн колдонуунун көбөйүшүн Орусия, Кытай жана Иран сыяктуу синтетикалык маңзаттардын көп өндүргөн өлкөлөрдүн чектешкенин жүйө келтирди.

Мекеме өткөн айда интернет аркылуу баңгизат саткан 30 онлайн-дүкөндү жапканын билдирген. Анда милиция Darknet, ViPole, Telegram жана башка социалдык түйүндөрдө тыюу салынган заттарды саткандарга дайыма мониторинг жүргүзүп турары белгиленген.

“Азаттык” жакында эле Кыргызстанда баңгизаттын онлайн тарашын иликтеген. Иликтөөдө Телеграм каналдар аркылуу “мефедрон”, “спайстан” баштап героинге чейин сатылып жатканы айтылган. Дарыгерлер синтетикалык баңгизатты өспүрүм окуучулар көп колдоно баштаганын эскертип жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG