Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:33

Депутат Кыргызстанда инсулин маселесин айтып өкмөткө кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өлкөдө кант диабетинен жабыркагандар үчүн инсулин түгөнүп бара жатканын айтты. Ал бул тууралуу маалыматты Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго жазган кайрылуусунда белгилеген.

"Үч айдын ичинде инсулин сатып алуу боюнча тендердин жеңүүчүсү аныкталып, аны жеткирүү башталат. Бирок, ушул үч ай ичинде кант диабети менен ооругандар инсулинсиз калбашы керек", - деп жазган ал.

Депутат Министрлер кабинетинен дарыканалар менен сүйлөшүп, инсулинди жеткирүү жана сатуу үчүн кыска мөөнөттүү кредит берүүнү суранды. Тендердин алкагында инсулинге муктаждыкты аныктоо жана керектүү өлчөмдө импорттоо боюнча дарыканалар менен сүйлөшүү жүргүзүүнү Саламаттык сактоо министрлигине тапшырууну өтүндү.

2020-жылдын март айында коронавирус пандемиясы башталганда кант диабетине чалдыккандар инсулинге жетпей, кыйналганын айтып чыгышкан.

Өлкөдө кант диабети боюнча мыйзам талап кылган алты айлык инсулиндин запасы жок, анын кесепетинен жыл сайын оор кырдаал жаралат.

Кыргызстанда кант диабетинин ар кандай түрүнө чалдыккандар 240 миң адамдын тегерегинде. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, кант диабети менен расмий каттоодо 60 миңдей адам турат, бул сан үч-төрт эсе көп болушу ыктымал.(KS)

XS
SM
MD
LG