Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:28

Элмирбек Иманалиевдин эстелиги орнотулду (видео)


Элмирбек Иманалиевдин эстелиги.
Элмирбек Иманалиевдин эстелиги.

Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүндө бүгүн, 20-апрелде белгилүү төкмө акын, комузчу, обончу Элмирбек Иманалиевдин эстелиги орнотулду. Маркумду эскерүүгө бийлик жана коомчулук өкүлдөрү, жакындары катышты.

Туура эки жыл мурда көз жумган Элмирбек Иманалиев 1978-жылы Токтогул районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Төрт жашынан тамга таанып, жети жашынан комуз кармап ырдай баштаган. 13 жашында устаты Тууганбай Абдиевдин чакыруусу менен Бишкек шаарына келип, адегенде филармонияга караштуу эки жылдык студияны, кийинчерээк Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган.

Ал айтыш өнөрүнө 1993-жылдан тартып аралаша баштаган. Эл аралык жана республикалык деңгээлде өткөн бир нече айтыштарда баш байге алган.

Акын 2020-жылы 20-апрелде 42 жашында кант диабетинен улам каза болгон. (MZh)

Эл мүдөөсүн ырдаган Элмирбексиз эки жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:58 0:00

XS
SM
MD
LG