Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:14

Прокуратура: мас айдоочуларды жашырган ИИМ кызматкерлери аныкталды


Кыргызстанда болгон жол кырсыктарынын кесепети. Архивдик сүрөт.
Кыргызстанда болгон жол кырсыктарынын кесепети. Архивдик сүрөт.

Башкы прокуратура Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери мас айдоочуларды жашырган фактылар аныкталганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Ауди үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу мас болуп жол кырсыгына кабылган. Укук коргоо кызматкерлери аны жашырып, автокырсыкты “Укук бузуулардын бирдиктүү реестрине” төрт ай өткөндөн кийин гана каттаган. Ушундай эле дагы бир окуя аныкталды.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иштери козголуп, аны иликтөө Чүй облусунун прокуратурасына тапшырылды.

Ушул эле фактыларга байланыштуу Ысык-Ата райондук жалпы дарыгерлер практика борборунун медициналык кызматкерлери мас айдоочулардын анализин алмаштырып койгон деп шек саналууда.

7-апрелде Бишкекте мас айдоочу Чүй жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен 26 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Кыз оор абалда ооруканага жеткирилип, алган жаракатынан улам каза болгон.

Бул окуядан кийин коомчулукта мас айдоочуларга жазаны күчөтүп, айып пулду көбөйтүү демилгеси көтөрүлүп жатат. Азыркы мыйзам боюнча машинени мас болуп айдаган адамга 17 - 20 миң сом айып салынат.

2022-жылдын алгачкы үч айында өлкө боюнча 1343 жол кырсыгы катталган. Андан 1990 адам жаракат алып, 107 киши көз жумду. (BTo)

XS
SM
MD
LG