Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Антикризистик комитеттин биринчи кеңешмеси өттү


Антикризистик комитеттин биринчи кеңешмеси.
Антикризистик комитеттин биринчи кеңешмеси.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 16-мартта социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча Антикризистик комитеттин биринчи кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлыды. Расмий маалыматка караганда, кризиске каршы бир катар чаралар кабыл алынды. Документке жарандык жана бизнес коомчулук өкүлдөрүнүн сунуштары киргизилген.

"Кезектеги чаралар топтому азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, күндө керектелүүчү товарларга бааны турукташтырууга, калкты социалдык жактан колдоого жана иш менен камсыз кылууга, ошондой эле финансылык туруктуулукту камсыздоого жана ишкер субъектилерин колдоого багытталган", - деп жазылат өкмөттүн маалыматында.

Орусия 24-февралда Украинада согуш баштагандан бери доллар кескин кымбаттады. Дүйнө коомчулугу Орусияга карата катаал экономикалык санкциялар киргизилүүдө. Орус өкмөтү Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө дан азыктарын жана кумшекерди экспорттоого 31-августка чейин тыюу салды.

Өткөн аптада Бишкектеги чоң супермаркеттер айрым чектөөлөрдү киргизип, бир адамга чектелүү гана өлчөмдөгү азык-түлүк сатыла баштаган. Базарларда, ири дүкөндөрдө кумшекердин, өсүмдүк майынын баасы кымбаттаган.

Өкмөт Кыргызстанда беш айга жете турган кумшекер менен өсүмдүк майы бар экенин билдирип, элди дүрбөлөң түшпөөгө чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG