Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

Мамлекеттик органдар менен ишкерлер келишимге кол койду


Президент Садыр Жапаров ата мекендик бизнестин өкүлдөрү менен жолугушту. 14-март, 2022
Президент Садыр Жапаров ата мекендик бизнестин өкүлдөрү менен жолугушту. 14-март, 2022

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-мартта ата мекендик бизнестин өкүлдөрү менен жолугушту. Анда "Жеке жактардын активдерин легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланганын президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматта өлкө экономикасынын учурдагы абалы, өлкөнү өнүктүрүү үчүн өз ара аракеттенүү жолдору талкууланганы кабарланды.

Мамлекет башчысы мыйзам долбоору биринчи кезекте көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартууга, активдердин сакталышын камсыздоого жана алардын ээлерин мамлекеттик органдардын куугунтугунан коргоого багытталганын белгиледи.

"Жеке адамдардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" мыйзам өлкө тарыхында беш жолу кабыл алынган. Бирок ошол беш жолу кабыл алынган мыйзамдын бири да ар кандай жагдайлардан улам тийиштүү натыйжасын берген эмес. Ал эми бүгүн сиздер менен талкуулап жаткан мыйзам долбоору мамлекет тарабынан кол тийбестиктин бардык кепилдиктерин камсыздай тургандыгын баса белгилей кетүү керек", - деген Жапаров.

Иш-чарада Министрлер кабинетинин төрагасы - президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев баяндама жасады.

Талкууга ишкерлерден ишкерлер Өмүрбек Бабанов, Аскар Салымбеков, "Шоро“ компаниясынын негиздөөчүсү Жумадил Эгембердиев, "Үмүт жана К“ишканасынын башкы директору Кайрат Абдуллаев, "Бишкеккурулуш“ өндүрүштүк-курулуш фирмасы" компаниясынын директору Аскар Молдобаев, "Кыргызцентрпродукт" ишканасынын директору Манас Белошаров, "КАС технолоджистин" башкы директору Акылбек Мамыров жана башкалар сунуштарын айтышкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында президент башында турган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана ата мекендик ишкерлер тиешелүү ниет протоколуна ("жигиттик келишимине") кол коюшту.

Жолугушууга бизнес чөйрөсү, айыл чарба, курулуш, туризм жана башка көптөгөн экономикалык ишмердүүлүк тармагынын өкүлдөрү катышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG