Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

Жогорку Кеңеш "Центерра Голд" менен келишимди жабык карай баштады


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш 9-марттагы сессиясында Кумтөрдүн абалы жана "Центерра Голд" менен келишимди жабык кароого киришти. Буга чейин келишим комитетте дагы жабык каралганы белгилүү болду.

Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган бардык өкмөт мүчөлөрү катышып жатат.

Депутаттар жыйын тууралуу айтуудан баш тартышууда. Айрым депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалыматты айтпай турууну өтүнгөнүн билдиришти.

Сессияга президент Садыр Жапаровдун дагы келип, Министрлер кабинетинин жаңы дайындалган мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышат.

Жыйында жаңы дайындалган Билим берүү, илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен Санариптик өнүгүү министри Талант Иманов ант беришет.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. 2021-жылдын 19-декабрында президент Садыр Жапаров Жалал-Абаддагы иш сапары учурунда эл менен жолугушканда Кыргызстан "Кумтөрдүн" үзүрүн 2022-жылдан тартып көрө баштарын, январь айына карата бул ишканадан түшө турган таза киреше 300 миллион долларга жетери болжолдонуп жатканын айткан.

Быйыл 3-январда “Центерра” кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүдөгү өзүнүн негизги шарттарын жарыялаган, кыргыз тарап ага азырынча жооп бере элек.

2-январда президент Садыр Жапаров Кумтөр кенине барган учурда "Центерра" менен сүйлөшүүдө жакшы жылыштар бар экенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG