Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Аалымдар кеңеши турак жай кооперативи жөнүндө фатва чыгарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши коммерциялык эмес турак жай кооперативи аркылуу үй же унаа алууга байланыштуу фатва (шариятка ылайык чечим) чыгарды.

Анда мындай жол менен турак жай алуудагы келишимде "сүткорлук же сүткорлуктун элементтери, келечекте талаптардын талаш-тартышын жараткан жагдайлар болбошу керектиги" жазылган. Ошондой эле келишимдин мөөнөтү, заттын түрү жана сапаты, баасы так болушу зарылдыгы белгиленген.

“Кардар төлөмдү кечиктирген учурда төлөнүүчү жаза пул кооперативдин мүлкүнө берилбеши шарт; кооперативдин аманатты кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү бар экенине мамлекеттин кепилдиги болушу шарт. Жогоруда аталган шарттардын бири же бир нечеси болбогон учурда коммерциалык эмес турак жай кооперативи аркылуу турак жай же унаа сатып алуу шариятка туура келбейт, тыйылат”, деп айтылат фатвада.

Кыргызстанда акыркы жылдары турак жай кооперативдери деп аталган уюмдар көбөйдү. Аларга негизинен үй-жайга, унаага муктаж, бирок сатып алуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана чет элде эмгек миграциясында жүргөндөр көп кайрылышат.

Буга чейин Улуттук банкы жарандарга турак жай кооперативи сыяктуу күмөндүү уюмдар активдешкенин эскерткен. Ошондой эле мында каржы пирамидасынын белгилери бар экенин айтып, жарандарды этият болууга, бардык документтерди дыкат текшерип, мамлекеттик органдардагы маалыматтар менен салыштырууга, жасалма эместигин аныктоого чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG