Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Түркия жарандарын Украинага барбай турууга чакырды


Киев.
Киев.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги түрк жарандарын орус-украин чек арасындагы коопсуздук абалдан улам Украинанын чыгыш аймактарына барбай турууну өтүндү. Бул тууралуу министрлик 12-февралда "Твиттерде" жазды.

"Биздин жарандарга зарылчылык болбосо, Украинанын чыгыш чек ара аймактарына баруудан баш тартуу жана саякатка чыгаар алдында өздөрүнүн жеке коопсуздугу үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүп, Киевдеги элчилигибиз менен байланышуусу сунушталат", -деп жазылат билдирүүдө.

Ушул айда Түркия жана Украина дипломатиялык мамиленин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгиледи. Эки өлкө ортосундагы соода-сатык беш миллиард долларга жетет.

2017-жылдан тарта Түркия менен Украинанын ортосунда виза жараяны толугу менен алынган. Былтыр Түркияга барган украиналык туристттердин саны 2 миллиондон ашса, Украинага 350 миң түркиялык турист кирген. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG