Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:30

Нидерланддын авиакомпаниясы Украинага каттамдарын токтотту


Нидерланддын KLM авиакомпаниясы Киевге каттамдарын токтотту, анын учактары мындан ары Украинанын аба мейкиндигинен өтпөйт. Бул тууралуу компаниянын ишемби күнкү билдирүүсүндө айтылган. Киевге кезектеги каттам 13-февралга караган түнү, жекшембиге белгиленген болчу. Авиакаттамдарды токтотуу чечими Украина менен Орусиянын чек арасындагы кырдаал курчугундан улам кабыл алынды.

Аталган компания өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Украинаны кооптуу өлкөлөрдүн катарына киргизип, өз жарандарын ал жакка барбай турууну сунуштаган соң ушундай чечим кабыл алган. KLM каттамдар качан жанданаарын айткан эмес.

Акыркы суткада 30дай өлкө өз жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө же азырынча ал жакка барбай турууга чакырды. Алардын арасында АКШ, Британия, Түркия, Австрия, Жаңы Зеландия, Норвегия, Жапония, Европанын бир катар өлкөлөрү, Түштүк Корея, Канада, Марокко, Иордания жана Кувейт бар.

Американын чалгындоо кызматы Орусия Украинанын позицияларына кеңири масштабдагы чабуул даярдашы мүмкүн экенин айтып келет. Москва согушка даярдыктарды кескин четке кагып, бирок жаңжал болуп жаткан аймакка аскерлерин топтоого укуктуу экенин билдирип жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG