Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

Соцфонд: Пенсия, жөлөк пулдарга 50 миллиард сомдон ашык каражат сарпталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2021-жылы пенсия жана жөлөк пулдарды камсыздоого 50 млрд. 819,4 млн. сом жумшалды. Бул тууралуу 13-январда Социалдык фонддун басма сөз кызматы кабарлады.

Пенсия жана жөлөк пулдун эң чоң көлөмү Ош облусуна туура келет. Бир жылда дубанды камсыздоого жалпы 9 млрд. 315,6 млн. сом бөлүнгөн.

Бишкек шаары, Чүй облусунда да Социалдык фонддон каржылангандардын саны көп.

Социалдык фонддун маалыматына караганда, Кыргызстандагы 670 миң адам пенсия жана жөлөк пул алат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG