Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:34

Баткен менен Согд облус башчылары чек ара жаңжалын талкуулап жатат


Жолугушуу учуру, 3-декабрь, 2021-жыл, Баткен облусу, "Кулунду" өткөрмө бекети.
Жолугушуу учуру, 3-декабрь, 2021-жыл, Баткен облусу, "Кулунду" өткөрмө бекети.

Президент Садыр Жапаровдун Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев 3-декабрда "Кулунду" өткөрмө бекетинде Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода менен жолугуп, тараптар анда кыргыз-тажик чек арасында соңку окуяларды талкуулап жатышат. Бул тууралуу президенттин өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 1-декабрда Баткен облусунун Баткен районунун Дахма аймагында ок атылганын билдирген. Ага ылайык, шаршембиде кечки саат 9дан өткөндө мамлекеттик чек аранын шарттуу тилкесинде Тажикстан тараптан белгисиз кишилер болжол менен аңчылык мылтыгынан 7-8 жолу ок аткан. Окуя болгон жерге эки өлкөнүн чек ара бекеттеринин жетекчилери келип, мылтык аткандарды чогуу издөө тууралуу сүйлөшкөн. Күч органдарына да кабар берилген. Ошондой эле тараптар аталган аймакта биргелешкен кайгуул уюштурууну да макулдашкан.

Ушул күнү Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургунун кошуна өлкөнүн жарандары сабап коюп, ооруканага түшкөнү, кыргызстандыктар да бир тажик жаранын кармап алып, кийин бошотушканы кабарланган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактардын айынан тез-тез жаңжал чыгып турат. 2021-жылдын жазындагы куралдуу кагылышта эки тараптан ондогон тургундар, аскерлер көз жумган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG