Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:16

12 миңден ашуун киши шайлоо тилкелеринен тышкары добуш берди


13 481 адам шайлоо тилкелерине барып, добуш бере албастыгын билдирген арыз менен кайрылган.
13 481 адам шайлоо тилкелерине барып, добуш бере албастыгын билдирген арыз менен кайрылган.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча көчмө үкөктөр аркылуу 12 137 шайлоочу добуш берди. Жалпысынан көчмө добуш берүү үчүн 13 481 шайлоочу арыз менен кайрылганын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы 28-ноябрда кабарлады.

Маалыматка караганда, арыз тапшыргандардын 1,5 миңге жакыны ар кандай себептерден улам добуш берген жок. Алардын 642си аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү барган учурда үйлөрүндө болгон эмес.

Ал эми бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча арыз берген 13 миңден ашуун шайлоочунун 11,5 миңден көбү же 90% жакыны добуш берди.

Кыргызстанда көчмө добуш берүү жараяны 27-ноябрда өттү.


Бүгүнкү парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын партиялардын негизинде шайлоо үчүн 3 миллион 703 миңден ашуун жаран катталган. Бир мандаттуу округдардан 3 миллион 619 миңден ашат. Чет өлкөдө жүргөн шайлоочулар бир мандаттуу округдар боюнча тизмеге киргизилген эмес.

Жалпысынын 2494 шайлоо тилкеси ачылган. Алардын 59у чет өлкөлөрдө.

XS
SM
MD
LG