Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Аксыда эки кишиге күйдүргү жукканы аныкталды


Күйдүргү кишиге ылаңдаган малдан этинен жугат.
Күйдүргү кишиге ылаңдаган малдан этинен жугат.

Аксыда күйдүргү жуккан деген шек менен ооруканага жаткан жети кишинин экөөнөн илдет аныкталды. Беш бейтапты текшерүү уланууда. Оору аларга союлган уйдун этинен жуккан.

Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Бектурдиевдин айтымында, бейтаптар райондук ооруканада дарыланышууда. Баарынын абалы туруктуу.

Этти жеген дагы 41 адам күйдүргүгө каршы атайын антибиотиктерди үйдө ичип жатышат. Алардын ону 14 жашка чейинкилер.

Мал Кара-Суу айылында союлуп, илдетке шек саналгандан соң эттин баары көмүлгөн.

Күйдүргү - кишиге малдан жугуучу жугуштуу оору. Көбүнчө терини, ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат. Бул оору менен ылаңдаган малдын сөөгү өрттөлүп, терең казылган чуңкурга көмүлүп, бети бетондолуп, айланасы тосулууга тийиш. Оорунун очогу 100 жылга чейин ачылбай, адистер жылына эки ирет дезинфекциялап турушу зарыл. (SE)

XS
SM
MD
LG