Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Бишкекте жана Ошто уруксатсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу сунушталды


Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте жана Ошто үйлөр уруксатсыз курулган жер тилкелерин мыйзамдаштырууга жол ача турган мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду. 2012-жылдын 3-августуна чейин курулган тамдарды камтыган мыйзам долбоорунун автору – Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев.

Эгер ал мыйзам кабыл алынса Бишкектин жана Оштун жаңы конуштарындагы уруксатсыз салынган айрым үйлөр чектелген негизде мыйзамдаштырылат жана бул бир жолку гана акция болот.

Газ түтүгү, жогорку чыңалуудагы электр зымдары, жылуулук түйүндөрү өткөн, мурдагы көрүстөндөр, адамдын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтирген таштанды жайлары жайгашкан жана социалдык-маданий, тиричилик объектилери курула турган жерге салынган үйлөр мыйзамдаштырылбайт.

«Өзүм билемдик менен салынган курулушту» пайдалануу укугу жөнүндөгү күбөлүк жергиликтүү бийликтин токтомунун негизинде жазылып берилет.

Үйдүн паспорту адамдардын жашаган жери боюнча каттоого туруусуна, ошонун негизинде социалдык кепилдиктерди жана жеңилдиктерди алууга негиз болот.

Пайдубалдын алдындагы жана курулуштун тегерегиндеги жер муниципалдык менчикте кала берет.

Мыйзам долбоорунун автору билдиргендей, Бишкек шаарынын четинде мындай үйлөрдүн 6382си аныкталган, алардын 3589у чектелген негизде мыйзамдаштырууга туура келет.

Бишкектин тегерегинде 47 жаңы конуш бар. Алардын көбүнүн инфраструктурасы жок, тургундар расмий каттоого алынган эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG