Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Кыргызстанга Араб Эмирликтеринин ири компанияларынын жетекчилери келди


Президент Садыр Жапаров жана БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Ал Мазруи баштаган делегация.
Президент Садыр Жапаров жана БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Ал Мазруи баштаган делегация.

Кыргызстанда бул күндөрү Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) бир катар ири компанияларынын жетекчилери иш сапар менен жүрөт. Алар өлкө жетекчилиги жана жергиликтүү ишканалар менен кызматташтык маселелерин талкуулап жатышканын президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 3-сентябрда президент Садыр Жапаров БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Ал Мазруи жетектеген делегацияны кабыл алды. Курамында энергетика, айыл чарбасы, туризм жана логистика тармагынын өкүлдөрү болгон DPWorld, MASDAR, ADQ, Abu Dhabi Fund for Development, Royal Group, Earth Retai, Fresh Harvest жана башка компаниялардын жетекчилери бар делегация Кыргызстандын экономикасынын бардык тармактарына инвестиция салууга даяр экенин билдирди.

Садыр Жапаров алардын үзгүлтүксүз иштөөсүнө бардык зарыл шарттар түзүлөрүн айтып, инвесторлорду колдоо жана коргоо маселеси анын жеке көзөмөлүндө экенин белгиледи.

Жолугушууда Абу-Дабинин ханзадасы Мухаммед бин Заид Ал Нахайяндын Кыргызстанга, кыргыз президенти Жапаровдун Абу-Дабиге расмий сапарлары пландалып жатканы, БАЭнин дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуунун маанилүүлгү айтылды.

Эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер 1996-жылдын 1-августунда түзүлгөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG