Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:47

"Талибан" Өзбекстанды Эгемендик күнү менен куттуктады


Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камолов жана "Талибандын" лидерлеринин бири молдо Бародар менен Ташкентте.
Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камолов жана "Талибандын" лидерлеринин бири молдо Бародар менен Ташкентте.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Ооганстандагы "Талибан" кыймылы өзбек элин жана жетекчилигин Эгемендик күнү менен куттуктады.

"Өзбекстан Ооганстандагы тынчтык жараянына активдүү катышып жатат. Мамлекеттин конструктивдүү ролун Ооганстандын азыркы жетекчилиги тааныды", - деп белгиленет Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө.

Ошондой эле, талибдер жолдогон куттуктоодо "Биз коңшу Өзбекстан менен жемиштүү жана достук мамиле курууну көздөйбүз. Ооганстандагы Өзбекстан катышып жаткан, темир жол курулушу сыяктуу долбоорлордун уланышына кызыкдарбыз", - деп жазылган.

31-августта жасаган кайрылуусунда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ооганстан тууралуу сөз козгоп, "бул мамлекет менен алакада достук, ынак коңшулук, ички ишине кийлигишпөө принциптерин карманууну улантабыз" деген.

Өткөн жумада Мирзиёев билдиргендей, Өзбекстан эки жыл мурда эле Ооганстандагы кырдаал кандай нукта уланарын боолголоп, биринчилерден болуп "Талибан" менен диалог башталган.

XS
SM
MD
LG