Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Ооганстан: талибдер таанымал элдик ырчыны өлтүрүштү


Ооганстан, Кабул. 28-август, 2021-жыл.
Ооганстан, Кабул. 28-август, 2021-жыл.

Ооганстанда «Талибан» тобунун жоочулары таанымал элдик ырчы жана музыкант Вафада Андарабини өлтүргөнү тууралуу Times Now басылмасы ырчынын уулунун айтканына таянып кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, талибдер Баглан провинциясындагы ырчынын үйүнө 28-августта келишкен. Алар Андарабини үйүнөн алып чыгып атып салышкан. Ырчы ошол жерде жан берген.

Буга чейин ал «Талибан» кыймылын жана анын жактоочуларын сындап ырдаган. Музыка чеберинин өлгөнүн өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри да бышыктады. 27-августта «Талибандын» лидерлери Ооганстандын жаңы жетекчилиги коомдук жайларда музыкага тыюу саларын жарылашкан.

Талибдердин өкүлү Забиулла Мужахид The New York Times гезитине «исламда музыкага тыюу салынган, биз адамдарга басым-кысым көрсөтпөстөн аларды ынандыра алабыз» деп чечмелеген.

1996-2001-жылдары Ооганстанды «Талибан» кыймылы башкарып турганда бул өлкөдө адам укуктары кескин чектелип, айрыкча аялдар менен кыздар катуу кысымга кабылган.

XS
SM
MD
LG