Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

АКШнын чалгын кызматы COVID-19 вирусу боюнча иликтөөсүн жарыялады


COVID-19 вирусунун микроскоптон көрүнүшү. АКШ. 2020-жыл, декабрь.
COVID-19 вирусунун микроскоптон көрүнүшү. АКШ. 2020-жыл, декабрь.

АКШнын атайын кызматтары коронавирустун пайда болушу боюнча бир пикирге келе албаганы менен, вирус атайын биологиялык курал катары чыгарылбаганын ырасташты. Кытайдын лидерлери вирус тууралуу пандемия башталганга чейин кабардар болгон эмес. Бул тууралуу Associated Press агенттиги американын чалгын кызматынын иликтөөсүнө таянып жазды.

Маалыматта айтылгандай, америкалык атайын кызмат иликтөөнүн отчетун жазууда союздаш өлкөлөр менен кеңешип, көз карандысыз эксперттер жана эпидемиологдор менен иштешкен.

Маалыматта вирусту чогуу иликтөө тууралуу АКШнын сунушун Кытайдын четке какканы ишке терс таасирин тийгизди деп жазылган. Чалгын кызматынын башчысы Кытай ири иликтөөгө бут тосуп, вирус тууралуу маалымат берүүдөн баш тартканын билдирген.

Чалгын коомчулугунун бир бөлүгү "COVID-19 лабораторияда жаралган" деп бекемдесе, окумуштуулар ал жарганаттан пайда болгон кадимки вирус деген теорияны карманышууда.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги бардык айыптоолорду негизсиз деп билдирген.

Быйыл май айында АКШ президенти Жо Байден COVID-19 вирусунун пайда болушун иликтөө үчүн чалгын кызматына кайрылган. Ал атайын кызматка үч айдын ичинде вирусту иликтөөнү тапшырган.

2021-жылдын башында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери Уханга барышкан. Иликтөөнүн жыйынтыгында алар COVID-19 жаныбардан адамга жуккан вирус деп табышкан.

Расмий Бээжин маалымат жашырылып жатат деген жана вирус лабораторияда жаралган деген айыптоолорду четке кагып, вирусту чогуу иликтөөдөн баш тарткан.

Коронавирус пандемиясы башталгандан берки аралыкта дүйнөдө 215 млн. ашуун адам ооруга чалдыгып, 4 млн. ашык адам көз жумду.

XS
SM
MD
LG