Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:49

Токмоктун мэри болуп Урмат Самаев шайланды


Урмат Самаев.
Урмат Самаев.

Токмок шаарынын мэри болуп Урмат Самаев шайланды. Ага шаардык кеңештин 19 депутаты добуш бергенин “Азаттык” радиосуна 26-августта Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) билдиришти.

Экинчи талапкер Азат Кубатбек уулуна 11 добуш тийди.

Добуш берүүгө 31 депутаттын 30у катышты.

Бул шаарда мэрликке эки талапкер көрсөтүлгөн. Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаевди, азчылык коалициясы шаардык кеңештин “Эмгек” партиясынан депутат Азат Кубатбек уулун көрсөтүшкөн.

Добуш берүү дээрлик үч саат кечигип башталды. Буга депутаттар чогулбай, кворум жок болуп жатканы себеп болду.

Токмокто 11-июлда өткөн жергиликтүү шайлоодо шаардык кеңештеги 31 орундан "Бирге-Вместе" партиясына тогузу, "Эмгекке" сегизи, "Асыл Мурас-Жаштарга" бешөө, "Патриот Ынтымагына" бешөө жана "Эл Биримдигине" төртөө тийген.

Бүгүн Бишкек жана Ош шаарларында да мэр шайлоо болду. Бишкекте Айбек Жунушалиев 45 депутаттын 43үнүн добушун алды, Ошто Алмаз Мамбетов да 45 депутаттын 43үнүн колдоосуна татыды. (RK)

XS
SM
MD
LG