Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:05

COVID-19: Документ жасап саткандар жөнүндө журналисттик иликтөө чыкты (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Али Токтакунов Медиа хабы” Кыргызстанда коронавирус боюнча ПЧР тест тууралуу жасалма анализ кагазын cаткандар жөнүндө журналисттик иликтөөсүн жарыялады. 23-августта жарыяланган “Өлүм менен өмүрдөн акча жасагандар” деген иликтөө журналист Мээрим Сырдыбаева менен биргеликте жүргүзүлгөн.

Анда ПЧР анализдин коронавирус жоктугун тастыктаган жасалма жыйынтыгын каалоочулар 1700-3000 сомго эч тоскоолдуксуз сатып алса болору көрсөтүлгөн жана ири лабораториялардын аты аталган.

Лаборатория өкүлдөрү жасалма анализдерге тиешеси жоктугун, алардын атын саткан шылуундар ошондой менен алектенип жатканын билдиришкен.

Коронавирус бар же жогун аныктоо үчүн ПЦР тестти лабораториядан 1700-2400 сомго тапшырса болот.

Оорусу жоктугун тастыктаган кагазды өлкөнүн чек арасынан чыгып жатканда коңшу өлкөлөрдүн тийиштүү кызматтары талап кылышат. (RK)

XS
SM
MD
LG