Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:10

Ахмад Масуд талибдердин талабын четке какты


Ахмад Масуд. Ооганстандагы көрүнүктүү аскерий жана саясий ишмер. Маркум Шах Масуддун уулу.
Ахмад Масуд. Ооганстандагы көрүнүктүү аскерий жана саясий ишмер. Маркум Шах Масуддун уулу.

“Талибан” кыймылы жергиликтүүлөр бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүдөн баш тартканы үчүн жоочуларын Панжшер провинциясына жөнөтөрүн жарыялады.

Талибдердин жүздөгөн жоочулары каршылык көрсөтүү кыймылынын очогу жайгашкан Панжшер өрөөнүн көздөй жолго чыкканын AFP агенттиги жазды.

Ооганстандын түндүк-чыгышындагы кууш капчыгайда жайгашкан бул провинция талибдердин буту басып бара элек жалгыз аймак. Провинциянын көпчүлүк жашоочулары этникалык тажиктер.

Талибдер каршылык көрсөтүү кыймылынын башчысы Ахмад Масудга 4 сааттын ичинде багынып берүүнү, болбосо катуу жазаланарын эскерткени кабарланды.

Буга чейин Ахмад Масуд "Аль-Арабия" телеканалына курган маегинде кан төгүүдөн качуу үчүн талибдер менен кеңейтелген курамдагы өкмөт түзүү боюнча сүйлөшүүгө даяр экенин, бирок алар андан баш бартса, сөзсүз согуш болорун айткан.

Каршылык көрсөтүү кыймылын Панжшер өрөөнүнөн чыккан аскер кол башчысы маркум Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд жетектейт. Ага Ооганстандын биринчи вице-президенти Амрулла Салих менен маршал Абдул Рашид Дустумдун тарапташтары келип кошулганы кабарланган.

Талибдерге баш ийбей, аларга каршы күрөшүп, Ооганстандагы тажик жана өзбек тектүү кошуундардын башын кошкон “Түндүк альянсты” жетектеп келген маркум Шах Масудду “Панжшердин арстаны” деп атап келишкен. Ал аймакка сырттан душман киргизген эмес, анын кошуундарынын каршылыгынын мизин кезинде советтик аскерлер дагы кайтара албаганы аңыз болуп калган.

XS
SM
MD
LG